Жазуучусу Мелис Абакиров дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлдөрү менен отурган адамдар. Архив
Гүлдөрү менен отурган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Жазылуу
Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III даражадагы Манас орденинин ээси Мелис Абакиров дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КРНародный писатель КР, кавалер ордена "Манас" 3-й степени Мелис Абакиров
Народный писатель КР, кавалер ордена Манас 3-й степени Мелис Абакиров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965-1970-жылдары Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук "Эмгекчил" гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары болуп иштеген.
1970-1971-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинин бөлүм башчысы, 1971-1979-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары болгон. Андан кийин Абакировдун редакторлук вазийпасы башталат. 1979-1985-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985-1988-жылдары "Мектеп" басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан "Адабият" басмасынын башкы редакторунун ишин алып барган. 1992-1998-жылдары ушул басманын директору, 1998-2005-жылдары "Акыл" акционердик коомунун төрагасынын орун басары – "Кыргызстан" басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген.
Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Белгилүү саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салды
Жаңылыктар түрмөгү
0