Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда социалдык төлөмдөрдүн ондон ашык түрү бар

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Нуржан Алапаева
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Нуржан Алапаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Нуржан Алапаева жөлөк пулдун түрлөрү, алар кимдерге берилерин айтып берди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан калкка социалдык төлөмдөрдүн ондон ашык түрү берилет. Бул тууралуу Нуржан Алапаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда социалдык төлөмдөрдүн ондон ашык түрү бар
Анын айтымында, өлкөдө акыркы он жыл ичинде жөлөк пул алгандардын саны көбөйгөнү байкалган.
"Социалдык төлөмдөрдүн ичинде мамлекеттик жөлөк пулдар бар. Жөлөк пулдун төрт түрү каралган. Алсак, балага сүйүнчү төлөмү (төрт миң сом өлчөмүндө) бүлөнүн кирешесине карбастан бардык жаӊы төрөлгөн ымыркайга берилет. Бул үчүн ата-эне жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө арыз, телефон номерин таштайт. Эки күндүн ичинде жаран көрсөткөн номерге СМС барат. Сүйүнчүнү алуу үчүн бала алты айга толгонго чейин кайрылуу керек. 2023-жылы аталган жөлөк пулду 146 633 бала алды. Андан соӊ "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга, ар бир үй-бүлө мүчөсүнө туура келген киреше, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн төмөн болсо, тактап айтканда, 1000 сомдон төмөн болгон учурда берилет. Учурда 83 миӊден ашык үй-бүлө арыз менен кайрылып, 283 миӊдей бала 1200 сомдон жөлөк пул алууда. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга төлөнүүчү социалдык жөлөк пул бар. Ал 18 жашка чейинки балдарга сегиз миң сом өлчөмүндө чектелет. Ал эми ата-энесинин экөө тең жок болгон балдарга 6 000 сом берилет. Андан тышкары, жеӊилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсация да бар. Ал 26 категорияга бөлүнөт. Учурда 36 341 адам 1 000 сомдон 7 000 сомго чейин акчалай компенсация алат. Ал эми Баткен, Апрель окуясы өӊдүү окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 5 500 сомдү түзөт. Майыптыгы барларга кам көргөн 14 091 жеке ассистентке 6 300 сом төлөнөт. Кош бойлуулук, төрөт жана расымдык жөлөк пулдарды 29200дөн ашык жаран алды. Жөлөк пулдун орточо өлчөмү буга чейин 3 600 сомду түзсө, эми 7 500 сом болуп калды. Андан тышкары, жаркырчылыкты жоюу максатында "Социалдык келишим" долбооруна ылайык, жарандарга 100 миң сомдон берилүүдө", — деди Алапаева.
Ал министрликтин маалымат базасы "Түндүк" электрондук кызматтардын мамлекеттик порталына кошулуп, жөлөк пул чегерүү жеӊилдетилгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0