Балыкчыдагы чуулгандуу жол кырсык боюнча иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКылмыш иши папкасы. Архивдик сүрөт
Кылмыш иши папкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2024
Жазылуу
Облустук прокуратура бул кылмыш иштерди тергөөнү УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Балыкчы шаарында 5-класстын окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден айдоочунун качып кеткендиги боюнча Балыкчы шаардык прокуратурасы иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун") боюнча иш козголгон.

"Аталган факт боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) боюнча да кылмыш иши козголгон.

Облустук прокуратура бул кылмыш иштерин тергөөнү УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Тергөө уланып жатканы, ал башкы прокурордун көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Эске салсак, жол кырсыгы кечээ, 26-январда, болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Транспорт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган. Окуя чуу жаратып, кыздын атасы видеокайрылуусунда кырсыкка шаардык милициянын жетекчилеринин бири күнөөлүү экенин айтып чыккан. ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгом деген аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасын иштен алышкан. Милиционердин кармалганы боюнча азырынча маалымат жок, ИИМ бул маселе боюнча УКМКга кайрылууну өтүндү. Саламаттык сактоо министрлиги окуучу кыздын абалы туруктуу оор экенин билдирди.
Ооруканада жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Айланма жолдогу кырсык беш адамдын өмүрүн алды
Жаңылыктар түрмөгү
0