Ошто курулушчу имараттан кулап каза болду

© Sputnik / Алексей ФилипповТурак жай имаратын курууда жумушчу. Архив
Турак жай имаратын курууда жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2024
Жазылуу
Маркум Кара-Кулжанын 28 жаштагы тургуну болгон.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ош шаарында курулушчу имараттан кулап көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, милицияга 23-январда саат 16:30дар чамасында шаардагы көчөлөрдүн биринде салынып жаткан үйлөрдөн киши кулап түштү деген билдирүү түшкөн.
"Жерине барган ыкчам-тергөө тобу 8-кабатта кирпич коюп жаткан жумушчу кулап кетип көз жумганын аныктаган. Ал Кара-Кулжанын 28 жаштагы тургуну болгон", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт бирдиктүү журналга "Кокустук" катары катталып, текшерүү уланып жатканы кошумчаланды.
 Монголиянын борбор шаарында 60 тонна газ жүктөгөн автоунаа жарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2024
Улан-Батордо 60 тонна газ жүктөгөн автоунаа жарылып, адамдар өлдү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0