Бишкекте Ленинград блокадачыларына арналган көргөзмө өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте Ленинград блокадачыларына арналган көргөзмө. Архив
Бишкекте Ленинград блокадачыларына арналган көргөзмө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулганынын 80 жылдыгына карата көргөзмө өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Билдирмеге караганда, иш-чара 25-январь күнү саат 12:00дө Улуттук тарых музейинде башталмакчы.
"Ленинград жеңишинин 80 жылдыгына арналган көргөзмөгө курчоого алынган шаардагы жашоо, аны коргоо жана шаарды куткаруудагы кыргызстандыктар тууралуу камтылган экспонаттар коюлмакчы. Экспозиция 8-февралга чейин уланат", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага кирүү акысыз.
81 жыл мурда ушул күнү Ленинград курчоосу үзүлгөн. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
81 жыл мурда ушул күнү Ленинград курчоосу үзүлгөн. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0