БРИКСтин келечеги кең. Лавров бирикмеге кызыккандар көбөйүп жатканын айтты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБРИКС саммитинин басма сөз борборундагы адам. Архив
БРИКС саммитинин басма сөз борборундагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 30дай мамлекет БРИКС уюму менен жакындашууга кызыкдар, бирикменин келечеги кең. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров россиялык дипломатиянын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында айтты.
"1-январдан тарта БРИКС уюмуна төрагалык кыла баштаган Россия сөзсүз түрдө жаңы келгендердин сиңишип, кошулуп иштеп кетишине көңүл бурмакчы", — деген ал.
ТИМ башчысынын айтымында, 20дан ашык, керек болсо 30га чукул мамлекет аталган бирикме менен иштешүүгө кызыкдар.
"Глобалдык түзүмгө ээ болгон бул уюмдун келечеги кең экенин көрүп жатабыз", — деген Лавров.
БРИКС уюмуна Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка кирет. Ал эми 2024-жылдын августундагы саммитте курам Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, БАЭ жана Сауд Арабия менен толукталмай болгон.
Москвадагы Зарядье паркында БРИКС өлкөлөрүнүн театр мектептеринин III Эл аралык фестивалы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Лавров БРИКС тууралуу: киносыйлык, ыр жана спорт таймаштары уюштурулат
Жаңылыктар түрмөгү
0