Иран жакында жасалган терактыга катышы болгондорду бомбалады. Өлгөндөр бар

© AP Photo / Mehr News Agency / Majid Asgaripour Иран армиясынын жоокерлери. Архив
Иран армиясынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
Сирияда жайгашкан террорчу топтордун тыңчылык борборлору, согушкерлер, алардын лидерлери чогулган жерлерге сокку урулганы айтылды.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу (ИРКК, Куралдуу күчтөрдүн элиталык бөлүктөрү) Сирияга ракета таштап, андан улам жакында болгон терактыга катыштыгы бар бир нече террорчунун жок кылынганын РИА Новости IRNA агенттигине шилтеме кылып жазды.
Маалыматта террорчу топтордун тыңчылык борборлору, согушкерлер, алардын лидерлери чогулган жерлер бомбаланганы да айтылган.
Агенттик Эрбил шаарына сокку уруудан күрд бизнесмени Пешрав Дизайи жана анын үй-бүлөсү да каза тапканын билдирди.
"Белгилүү күрд бизнесмени, ири долбоорлор боюнча иш алып барган Falcon Group компаниясынын, Empire World долбоорлорунун ээси Пешрав Дизайи алган жаракатынан көз жумду. Ракета анын үйүнө тийген", — деп айтылат маалыматта.
Аны менен кошо үй-бүлөсү (төрт киши) да каза тапканын жазышты.
Коргоочулар корпусунан бул бамбалоолор боюнча түшүндүрмө беришкен.
"Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу Сирияда жайгашкан террордук топторду жакында жасаган кылмыштары үчүн жок кылды. Бейкүнөө мекендештерибизди Керманда, Раскта өлтүргөндөрдү тапкан соң бир нече террорчу командир жана элементтер (өзгөчө "ИМдегилер"*) баллистикалык рекеталар менен бомбаланды", — деген алардын билдирүүсүн IRNA агенттиги жарыялаган.
2023-жылдын декабрь айында Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Раск аймагындагы Систан жана Белужстан провинцияларында террордук акт жасалып, полиция башкармалыгынын кеминде 12 кызматкеринин өмүрүн алган. Жети киши жарадар болгон.
Жардыруу 3-январда Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарында генерал Касем Сулеймани коюлган жердеги эскерүү учурунда жаңырган. IRNA агенттиги 89 адам каза тапканын, анын ичинен 12си 15 жашка чейинки балдар экенин кабаралаган. Бул апааттан 284 ирандык жаракат алган.
Аны аралыктан башкарышкан деп божомолдошту.
Терактыдагы жоготуудан улам Иран өкмөтү 4-январды аза күтүү күнү деп жарыялаган. Кыргызстан президенти Садыр Жапаров окуяга байланыштуу көңүл айтып, "террорчулукту айыптайбыз" деп билдирген.
* Ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда, Россияда тыюу салынган террордук уюм.
Ирандагы жардыруунун кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2024
Ирандагы терактыга тиешеси бар делген бир нече адам кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0