КРде боор жана чучук алмаштыруу боюнча операцияларды жасоо пландалууда

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОперация жассо. Архивдик сүрөт
Операция жассо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын январь айынын соңунда Бишкекке Ахмет Кызылай жетектеген трансплантологдордун тобу келет.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда боорду трансплантациялоо боюнча операцияга катышты. Түрк тарап Кыргызстанда дагы ушундай операцияларды жасоого жардам берет. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бейшеналиев 11-12-январь күндөрү Малатьедеги Инөнү университетине барды. Ал окуу жайдын ректору Ахмет Кызылай менен жолукту. Анда Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин органдарды трансплантациялоону уюштурууда Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишиминин алкагында боор жана чучукту трансплантациялоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды. Министр ал жакта окуудан өтүп жаткан кыргызстандык адистер менен баарлашып, андан соң ал боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышкан.
Инөнү университети 700 миң чарчы метр аянтта жайгашкан, ал эми университеттин клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү эң мыкты беш клиниканын бири болуп саналат. Ахмет Кызылай клиникада жылына 300-350дөй боор алмаштыруу операциясы жасаларын айтты. Клиника 1500 орунга ылайыкташып, 4500дөн ашык медициналык кызматкер эмгектенет.
Алымкадыр Бейшеналиев университетке органдарды трансплантациялоо боюнча түрк кесиптештеринин жүргүзүп жаткан иштери менен таанышуу үчүн келгендигин айтты. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаров Кыргызстанда боор жана чучук алмаштыруу операцияларын жасай баштоону тапшырганын белгиледи.
Ал эми Ахмет Кызылай Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган боордош Кыргызстанга трансплантология кызматын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма бергендигин билдирди.
“Биз сиздерге трансплантология бөлүмүнүн ишин уюштурууга, адистерди окутууга жана Кыргызстанда боор менен жилик чучугун алмаштыруу боюнча биргелешкен операцияларды өткөрүүгө жардам берүүгө даярбыз”, – деди ал.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселе боюнча кызматташууну улантууга макулдашышып, университет менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюшту.
Үстүбүздөгү жылдын январь айынын соңунда Бишкекке Ахмет Кызылай жетектеген трансплантологдор тобу келип, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен Улуттук хирургиялык борбордун операциялык бөлмөлөрү жана шарттары, боор жана чучук алмаштыруу операцияларын уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар менен таанышат.
Кол коюлган келишимге ылайык, жакынкы күндөрү боор жана жилик чучугун трансплантациялоо үчүн зарыл болгон кыргызстандык 20 адис: хирург, анестезиолог-реаниматолог, гастроэнтеролог жана орто медициналык кызматкерлер Түркияга окууга жөнөтүлөт. Адистер акысыз окутулат жана турак жай, тамак-аш менен камсыз болушат.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Радио
Кыргызстанда жыл сайын 50-60 бала сөөк чучугун алмаштырууга муктаж
Жаңылыктар түрмөгү
0