15-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөгүчкөн.Архивдик сүрөт
Көгүчкөн.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
Жазылуу
15-январга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө +2...+7, ал эми Нарында -3...-8 градус суук болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар, Ошто жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада 0...-2, Ошто +6...+8 градуска жетет.
Кол чатыр кармаган аял кар астында бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
Сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0