Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди жумушка чакырат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүБалдар бейтапканасындагы невропатолог ымыркайдын ден соолугун текшерип жатат
Балдар бейтапканасындагы невропатолог ымыркайдын ден соолугун текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Жазылуу
Ишке алынган адистер күнүнө алты саат иштейт.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкектеги Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасы дарыгерлерди жумушка чакырат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Манас проспекти, 12 дарегинде жайгашкан балдар ооруканасына төмөнкү адистер керектелет:
невропатолог;
кардиолог;
отоларинголог;
эндокринолог;
онколог.
Дарыгерлер күнүнө алты саат иштейт. Мекеме дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 8:00дөн 18:00гө чейин бейтаптарды кабыл алат.
Жумуш тууралуу толук маалымат алуу үчүн 0706 123476 номерине кайрылууга болот.
Автобустун айдоочусу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Ошко жаңы келе турган автобустарга айдоочулар жумушка чакырылат
Жаңылыктар түрмөгү
0