14-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБактын бутактарында отурган көгүчкөндөр. Архив
Бактын бутактарында отурган көгүчкөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Жазылуу
15-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жекшембиге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүз республиканын аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 10...15, Талас жергесинде 7...12, Ысык-Көл чөлкөмүндө 3...8, Нарын аймагында -2...-7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 13...15 , ал эми Ош шаарында 12...14 градуска чейин жетет.
Тоого чыгып бара жатышкан альпинисттер. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
ӨКМ 3 800 бийиктикте калган россиялык альпинистке жардам берди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0