Салык кызматы ишкерлерди онлайн каттоо сервисин ишке киргизди

© Фото / пресс-служба Кабинета министров КРБишкектеги салык кызматына келгендер үчүн компьютерлер. Архивдик сүрөт
Бишкектеги салык кызматына келгендер үчүн компьютерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Жазылуу
Сервис каттоо процессин жөнөкөйлөтүү жана ишкерлердин салык органдары менен өз ара кызматташуусун жеңилдетүү максатында ишке киргизилди.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Эми жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай туруп сайттан арыз берүүгө болот. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба ГНС КРCервис по онлайн регистрации налогоплательщиков
Cервис по онлайн регистрации налогоплательщиков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Арыз түзүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайтынан "Каттоо" бөлүмүн тандап, "Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү" бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек. Бул үчүн идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ), электрондук санарип кол тамгасын же Smart-iD KG колдонууга болот.
"Cabinet.salyk.kg сайтынын "Каттоо" бөлүмүнөн арыздын статусун көрүп, жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүн басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде берилет", — деп айтылат маалыматта.
Сервис каттоо процессин жөнөкөйлөтүү жана ишкерлердин салык органдары менен өз ара кызматташуусун жеңилдетүү максатында ишке киргизилди.
Телефон кармап отурган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Salyk.kg мобилдик тиркемеси ишке кирди. Артыкчылыктары
Жаңылыктар түрмөгү
0