12-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр кармаган аял кар астында бара жатат. Архивдик сүрөт
Кол чатыр кармаган аял кар астында бара жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Жазылуу
12-январга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жума күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүн биринчи жарымында жамгыр, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1...+6, Талас менен Ысык-Көлдө +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, ал эми Нарында -2...-7 градус суук болот.
Ош менен Бишкекте түнкүсүн, Ошто эртеӊ менен кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада +4...+6, Ош калаасында +8...+10 градуска жетет.
Адамдар фонтандын жанында ысыктан сактанып жатышат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Bloomberg: 2024-жыл тарыхтагы эң ысык учур болушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0