Дүйнөлүк экономиканын 2024-жылдагы коркунучу. Росконгресстин билдирүүсү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖүз долларлык купюра. Архивдик сүрөт
Жүз долларлык купюра. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
Документте глобалдуу саясий кризистин катарына АКШдагы президенттик шайлоо да кошулган.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик карызынын көлөмү 34 триллион доллар болду, жакын арада америкалыктарга 1 триллион доллар төлөөгө туура келет. Аталган сумма жалпы дүйнөлүк экономика жана глобалдуу финансылык система үчүн кооптуу экенин РИА Новости Росконгресске таянып жазды.
"АКШнын мамлекеттик карызы — дүйнөлүк экономикага коркунуч келтирген көйгөй. Дээрлик 34 триллион доллар жана дагы төлөөгө жумшалчу 1 триллион доллар глобалдуу финансылык системанын чайпалуу кооптуулугун жаратууда", — деп айтылат Росконгресстин "2024-жылдын маанилүү окуялары. Геоэкономика. Божомолдор. Негизги тобокелдиктер" аталышындагы докладында.
Авторлор Кошмо Штаттардын азыркы мамлекеттик карызын, анын өсүш темпин, динамикасын эске алып, муну төлөөгө "математикалык жактан мүмкүн эместигин" айтышкан.
Эксперттер карыздын көбү төмөнкү коюмдарда топтолгонун, рефинансылоо зарылдыгы жогорку экономикалык активдүүлүктө жаралып жана бул акча агымын кыскартып жатканын түшүндүргөн.
"Орто эсеп менен алганда АКШ мамлекеттик карызын тейлөөгө жылына бир триллион доллар сарптайт. Муну менен катар эле 2024-жылы басып чыгаруучу станокту кайра иштетүүгө болбойт, бул — инфляциянын өсүшүнө жол ачкан эски парадигмага кайтып баруу", — деп айтылган документте.
Бирок эксперттер акчаны басып чыгаруу сценарийин да четке какпайт, алардын пикиринде, АКШ 2008-жылдагы көрүнүштү кайталашы мүмкүн.
"АКШнын бийлиги басып чыгарган станокту кайра баштан иштетиш үчүн ири кыйроону (экономикада – ред.) жасашы мүмкүн. Инфляция менен күрөш парадигмасында бул болбой турган нерсе. Анткен менен Lehman Brothers банкынын шарттуу банкрот болушу рынокторду суроо-талап баасынын динамикасынын өсүшүнө караганда алда канча көбүрөөк түйшөлтөт", — деп айтылган докладда.
Америкалык инвестициялык Lehman Brothers банкынын 2008-жылдагы банкрот болушун дүйнөлүк финансылык кризистин башталышы деп баалоого болот.
Документте глобалдуу саясий кризистин катарына АКШдагы президенттик шайлоо да кошулган.
"Коомчулуктун толкундоосу жарандык каршылашуу, тирешүүлөргө өтүп кетиши ыктымал", — деген божомол айтышкан авторлор.
РФтин Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Борбордук банктын жетекчиси дүйнөлүк экономикалык кризис тууралуу оюн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0