Мэрия Батыш, Чыгыш автобекеттерин көчүрүп жаткан себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек мэриясын имараты. Архив
Бишкек мэриясын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Бул кадам "Жашыл шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн жасалууда.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мэриянын Транспорт департаменти Батыш жана Чыгыш автобекеттерин көчүрүп жаткан себебин түшүндүрдү.
Билдирмеге караганда, бул демилге "Жашыл шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Транспорт департаментинин маалыматына караганда, учурда ордо калаага чыгыш тараптан 350 кичи автобус, ал эми батыш тараптан 550 кичи автобус кирет.
"Өлкөнүн чыгыш тарабынан келген (Токмок, Кемин (маршруткалары Чыгыш автобекетке токточу) Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Балыкчы, Бөкөнбаев, Жети-Өгүз, Каракол, Ананьево, Чолпон-Ата, Бостери) маршруттук линиялар шаарга айланма жол менен келип, Алма-Ата көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө чейин жол тыгынды жаратат. Мындан улам, буга чейин Батыш автобекети деп аталган автовокзалды айланма жол менен Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишине көчүрүү сунушталууда", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми өлкөнүн батыш тарабынан келчү маршруттук линияларды (Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Токтогул) Достук айылынын маңдайында жайгаша турчу автобекетке багыттоо сунушталууда. Бул автобекет Батыш деп аталып калат.
"Бул учурда батыш тараптан келе турган маршруттук линиялар Военно-Антоновка айылынын алдынан "РИОМ" автобазарынан солго бурулуп, айланма жол менен Достук айылына барат", — деп айтылат билдирмеде.
Транспорт департаменти эки автобекет көчүрүлсө Дэн Сяопин көчөсүнүн Военно-Антоновка айылынан Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, Жибек-Жолу проспекти Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол тыгыны азая турганын белгилеген.
"Учурда Чыгыш автобекети болчу жерге чейин №146, № 285, № 221 автобустук жана маршруттук линиялар жүрүп жатат, эми дагы автобус маршрутунун беш схемасы иштелип чыгат. Ал эми Батыш автобекети болчу жерге чейин автобус линияларынын 8 схемасы иштелип чыкты", — деп айтылат кабарда.
Мэрия коомдук транспорт таңкы саат 05:00дөн 23:55ке чейин иштей турганын кошумчалады.
Буга чейин жүргүнчү ташуучулар ассоциациясы Батыш автовокзалын Бишкектин сыртына көчүрүүгө каршы экенин айтып, маалымат жыйын өткөрүшкөн.
Ош базары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Мэр: шаар сыртына "Ош" базары эле эмес, "Сары-Өзөн", "Баткен" да чыгат
Жаңылыктар түрмөгү
0