00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
2 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Атабаев: ата-эне балага үй-бүлө куруудагы жоопкерчиликти түшүндүрүшү зарыл

© Sputnik / Асылбек БактыбековКыргызстан мусулмандарынын муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев үй-бүлө институтунун бекем болушу коомдогу ар түрдүү кыйынчылыктарды алдын аларын айтты.
Ар бир ата-эне балага үй-бүлө куруудагы жоопкерчиликти жеткирип, маанисин түшүндүрүшү зарыл. Үй-бүлө пайдубалын түптөөдө эркектин жана аялдын орду кандай болорун билбегендер бар экенин Самидин кары Атабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Атабаев: ата-эне балага үй-бүлө куруудагы жоопкерчиликти түшүндүрүшү зарыл
Анын айтымында, кээде жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйылган фактылар кездешип калганы менен алардын саны дээрлик жокко эсе.
"Азирети муфтийдин буйругу менен облустук казыларга, райондук башкы имам-хатибдерге, айыл өкмөттөгү жооптуу имамдарга, жалпы диний кызматкерлерге тапшырмалар берилип, алар үй-бүлө маселесине байланышкан темаларда үзгүлтүксүз түшүндүрүү дарстарын окуп келет. Тилекке каршы, кээде жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйылган фактылар кездешип калууда, бирок өтө сейрек, жокко эсе. 2019-жылы бирдиктүү нике каттоо журналын чыгарып, ар бир имамга номери менен бекитилип берилген. Нике кыйган расмий диний кызматкер журналга талап кылынган бардык маалыматтарды каттайт. Мисалы, жарандын паспорту, 18ге чыккандыгы аныкталып, эки тараптын макулдугу менен нике кыйылат. Журналда үй-бүлөнү сактоо, коргоо, нарк-насил, уят, намыска тиешелүү маалыматтар камтылып, бекем бүлө болушуна үгүттөлөт. Ар бир ата-эне балдарына үй-бүлө куруудагы жоопкерчиликти жеткирип, маанисин түшүндүрүшү зарыл. Үй-бүлө пайдубалын түптөөдө эркектин жана аялдын орду кандай болорун билбегендер бар. Үй-бүлө институтунун бекем болушу коомдогу ар түрдүү кыйынчылыктарды алдын алат", — деди Атабаев.
Ошондой эле кары үй-бүлөдө эркек да, аял да өз жоопкерчилигин билип, аны турмушта колдонгондо гана балдарына, башкаларга үлгү боло аларын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2016-жылы 18 жашка жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынып, анда айыпкерге үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0