Майыптыгы бар адамдарды караган 14 миңдей жаран мамлекеттен айлык алууда

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКоляскада отурган аял. Архив
Коляскада отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2024
Жазылуу
Жеке ассистентке ай сайын мамлекет тарабынан 6 268 сом төлөнөт.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Узаган жылы Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды караган 13 987 адам жеке ассистент катары айлык алды. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Алар 14 287 чоң кишилерди жана балдарды карайт.
Мыйзамдарга ылайык, ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асырап алуучулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң ата, чоң эне, бир тууган жана бир тууган ага-инилер, багып алуучу ата-эне) же 65 жаштан ашпаган адамдар жеке ассистент боло алышат. Аларды окутуу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
Жеке ассистент болуу үчүн жашаган жери боюнча райондук/шаардык жана райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына арыз берүү зарыл.
Жеке ассистентке ай сайын мамлекет тарабынан 6 268 сом төлөнөт.
Министрлик 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеке ассистенттин кызматын майыптыгы бар балдар гана эмес, бала кезинен 1-топтогу майыптыгы бар адамдар да (18 жаштан жогору) алып баштаганын кошумчалады.
Акча жана үпчү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Министрлик былтыр канча балага "сүйүнчү акча" берилгенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0