Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский 2023-жылы максатына жетпей калганын айтып кейиди

© AP Photo / Evgeniy MaloletkaУкраина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Жазылуу
Май айында россиялык күчтөр Донецкидеги Артемовскини, декабрда маанилүү делген Марьинканы бошотконуна карабай Зеленский "2023-жылы Россия бир да ири шаарды ала алган жок" деген пикирде.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Украина 2023-жылга коюлган максат-милдеттерин аткара албай калганына нааразы болду. Бул тууралуу Economist жазды.
Эскерте кетсек, Украина 2023-жылдын 4-июнунда контрчабуул баштаган. Анын алкагында бир катар территорияны басып алуу пландары бар экенин Зеленский башында турган аткаминерлер көптөн бери айтып келишкен эле. Бирок үч айдан кийин Россия президенти Владимир Путин контрчабуул кыйроого учураганын айтса, Генералдык штабдын начальниги Валерий Герасимов 21-декабрда Украина контрчабуулун баштаган бир нече айдын ичинде болуп көрбөгөндөй жоготууга учураганын белгилеген. Анын айтымында, Украина Запорожье багытында болор-болбос алдыга жылганы менен россиялык коргонуунун керек болсо тактикалык зонасынан да өтө алган эмес.
Украинанын аткаминерлери акыркы айларда Крымды басып алуу ниетин байма-бай атып келишкен. 2022-жылдын ноябрында Зеленскийдин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк жарым жылдан кийин Ялтага барып, Крымда эмне болуп жатканын айтып берем деген эле. Бирок анысы ишке ашпай калганда дагы 6-7 ай тууралуу кеп кылган. Анткен менен РФ президенти Владимир Путин Крым маселеси "биротоло жабылганын" билдирген.
Economist Зеленскийдин "Батыш кийинкиге калтырууга болбойт деген нерсени унутта калтырды, ал эми украиналыктардын көбүндө экзистенциалдык кооптуулук сезими жок болуп кетти" дегенин жазды.
"Балким, биз дүйнө күтүп жаткан нерселерди жасай албагандырбыз. Балким, кимдир бирөөлөр элестеткендей бардык нерсе тез арада чечилбей жаткандыр", — деген Зеленский.
Май айында россиялык күчтөр Донецкидеги Артемовскини, декабрда маанилүү делген Марьинканы бошотконуна карабай Зеленский "2023-жылы Россия бир да ири шаарды ала алган жок" деген пикирде.
Ал эми тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу кепке Украина жетекчиси "Россия тараптан тынчтыкка карай кандайдыр бир фундаменталдык кадамдарды" көрбөгөнүн айтып жооп берди. Анын баамында, РФ армиясынын "ракеталары, ок-дары менен аскер күчү жетишсиз".
Зеленский журналга маек берип жатып да Батыштан аскердик жардам сураган. Ал "согуш талаасында ийгилик батыш өнөктөштөрүнөн алынган аскер жардамынан көз каранды болорун" белгилеп, негизинен Крым көпүрөсүн кыйратуу үчүн Taurus канаттуу ракеталарын сураган.
Муну менен бирге Зеленский аскердик аракеттер соңуна чыкмайынча Украинада шайлоо өткөрүүгө каршы экенин да билдирген.

"Ички саясатка өтүп кеттик. Эгер минте берсек шайлоо өткөрүүгө туура келет, мыйзамды, Конституцияны өзгөртүшүбүз керек болот. Анда контрчабуулдук аракеттер жана деоккупация тууралуу унутуш керек", — деди ал.

Economist Зеленский "мурункудай алып-учпай токтоо тартып калганын" белгиледи.
Киевдин жанында Украиналык аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШнын Украинадагы негизги планы ишке ашпай калды
Жаңылыктар түрмөгү
0