Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул 100%га жогорулады

© Photo / Unsplash / Ömürden CengizКош бойлуу аял. Архивдик сүрөт
Кош бойлуу аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Жазылуу
Эми иштеп жаткан кош бойлуу аялдарга 10 иш күнү үчүн эмгек акынын 100 пайызы, ал эми 11-күндөн тартып айына 2000 сомдон берилмекчи.
БИШКЕК, 2-янв. – Sputnik. Кыргызстанда 1-январдан тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун көлөмү жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Мыйзамга ылайык, эми иштеп жаткан кош бойлуу аялдарга 10 иш күнү үчүн эмгек акынын 100 пайызы, ал эми 11-күндөн тартып айына 2000 сомдон берилмекчи. Буга чейин 1000 сом төлөнчү. Сумма орточо 3 600 сомду түзсө, 2024-жылдын 1-январынан тартып 7 500 сомдон бериле баштайт.
Ал эми 11-иш күнүнөн тарта жөлөк пулдун суммасы айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен төлөнүп келген. Эми 1-январдан тарта мамлекет тарабынан төлөнчү жөлөк пул 100 пайызга көбөйтүлүп, 2000 сомго чейин жетмекчи.
Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайызы бериле турганы кошумчаланды.
Паркта баласы менен ата-энелер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Баланы пландоо маанилүү. Медиктер жаш жубайларга кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0