Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгын башкармай болду

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭлдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев. Архив
Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Жазылуу
II Элдик курултайда Абдылдаев Улуттук кеңештин төрагасы болуп шайланган.
БИШКЕК, 29-дек.— Sputnik. Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул туурасындагы тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы жыйналышынын протоколунун негизинде Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Катчылык тууралуу Конституциясынын 71-беренесинде, "Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 9-беренесинде айтылган.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 15-декабрында өткөн II Элдик курултайда Абдылдаев Улуттук кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Элдик курултай делегаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жапаров "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0