30-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Владислав НогайБишкектин Ала-Тоо аянтында жааган карды ырахатка алган кыз
Бишкектин Ала-Тоо аянтында жааган карды ырахатка алган кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Жазылуу
30-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Ишембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Таласта 0...-5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...+5, Ысык-Көлдө -2...+3 жана Нарында -3...-8 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте -1...+1 жана Ош шаарында +3...+5 градусту көрсөтөт.
Тайгакта бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Колду чөнтөккө салып баспагыла! Тайгакта жыгылып кетпеш үчүн эске алчу эрежелер
Жаңылыктар түрмөгү
0