Кыргыз-кытай чек арасындагы эки бекет 1-январда иштебейт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекети. Архив
Кыргыз-кытай чек арасындагы Эркеч-Там көзөмөл-өткөрүү бекети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-январда жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, пунктулар кытай тараптын демилгесинин негизинде жабылат. Анткени бул күнү Кытайда жаңы жыл тосулат. 2-январдан тарта адамдар, транспорттор жана жүктөр өткөрүлө баштайт.
Чек ара кызматы бул бекеттер иш күндөрү штаттык режимде иштей турганын жана ишемби, жекшемби күндөрү жабыларын эскертти.
Садыр Жапаров Нарындагы жаңыланган Торугарт 2 бекетин ачты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Садыр Жапаров Нарындагы жаңыланган "Торугарт 2" бекетине барды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0