https://sputnik.kg/20231227/ehl-aralyk-syjlyk-kyrgyzstan-okul-1081582425.html
Кыргызстандын өкүлү эл аралык абройлуу "Биз биргебиз" сыйлыгынын лауреаты болду
Кыргызстандын өкүлү эл аралык абройлуу "Биз биргебиз" сыйлыгынын лауреаты болду
Sputnik Кыргызстан
"Бирдей мүмкүнчүлүк жана социалдык адилеттүүлүк" номинациясында Кыргызстандагы карылар үчүн ресурстук борбордун "Жылуу үй" долбоору жеңүүчү деп табылган. 27.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-27T16:21+0600
2023-12-27T16:21+0600
2023-12-27T16:29+0600
кыргызстан
россия
долбоор
эл аралык сыйлык
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1b/1081579075_0:75:1200:751_1920x0_80_0_0_be828d8694387b427497cf8b5abb1f59.jpg
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргызстандын өкүлү, "Улгайган адамдар үчүн ресурс" борборунун жетекчиси Светлана Баштовенко "Биз биргебиз" эл аралык абройлуу сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" маданий борбору кабарлады."Биз биргебиз" сыйлыгындагы We Are Together эл аралык тректин жеңүүчүлөрүнүн ысымдары белгилүү болгон. Сыйлык маанилүү гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүгө жана эл аралык гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ар бир өлкөнүн жарандарын жана уюмдарын стимулдаштырууга багытталган."Бирдей мүмкүнчүлүк жана социалдык адилеттүүлүк" номинациясында Кыргызстандагы карылар үчүн ресурстук борбордун "Жылуу үй" долбоору жеңүүчү деп табылган. Борбордун волонтердук бөлүмү 1991-жылдан бери иштеп келет. Ыктыярчылар өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы жалгыз бой карыларга колдоо көрсөтүшөт. Тагыраагы, аларга үйдү жана бакчаны кароого, эс алуу иш-чараларын өткөрүүгө, заманбап технологияларды үйрөтүүгө, китеп окууга жардам берип, жөн гана баарлашып кетишет."Бул аянтча — жакшы иштерди жасоо үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк. Бардык адамдар жакшылыкты сезгенде дүйнө өзгөрөт", — деген Баштовенко.Сыйлык Москвада Россия президенти Владимир Путиндин катышуусунда өткөн эл аралык жарандык форумда (4-7-декабрда) тапшырылган.
https://sputnik.kg/20231220/bishkek-kayrymduuluk-operaciya-1081409779.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1b/1081579075_20:0:1087:800_1920x0_80_0_0_505c18d975a328541a2246cde96b1ec9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, долбоор, эл аралык сыйлык
кыргызстан, россия, долбоор, эл аралык сыйлык
Кыргызстандын өкүлү эл аралык абройлуу "Биз биргебиз" сыйлыгынын лауреаты болду
16:21 27.12.2023 (Жаңыртылды: 16:29 27.12.2023) "Бирдей мүмкүнчүлүк жана социалдык адилеттүүлүк" номинациясында Кыргызстандагы карылар үчүн ресурстук борбордун "Жылуу үй" долбоору жеңүүчү деп табылган.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргызстандын өкүлү, "Улгайган адамдар үчүн ресурс" борборунун жетекчиси Светлана Баштовенко "Биз биргебиз" эл аралык абройлуу сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" маданий борбору кабарлады.
"Биз биргебиз" сыйлыгындагы We Are Together эл аралык тректин жеңүүчүлөрүнүн ысымдары белгилүү болгон. Сыйлык маанилүү гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүгө жана эл аралык гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ар бир өлкөнүн жарандарын жана уюмдарын стимулдаштырууга багытталган.
"2023-жылы жалпысынан 95 мамлекеттен 500дөн ашык арыз келген. Анын ичинен тогуз адам жеңүүчү болду", — деп айтылат маалыматта.
"Бирдей мүмкүнчүлүк жана социалдык адилеттүүлүк" номинациясында Кыргызстандагы карылар үчүн ресурстук борбордун "Жылуу үй" долбоору жеңүүчү деп табылган. Борбордун волонтердук бөлүмү 1991-жылдан бери иштеп келет. Ыктыярчылар өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы жалгыз бой карыларга колдоо көрсөтүшөт. Тагыраагы, аларга үйдү жана бакчаны кароого, эс алуу иш-чараларын өткөрүүгө, заманбап технологияларды үйрөтүүгө, китеп окууга жардам берип, жөн гана баарлашып кетишет.
"Бул аянтча — жакшы иштерди жасоо үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк. Бардык адамдар жакшылыкты сезгенде дүйнө өзгөрөт", — деген Баштовенко.
Сыйлык Москвада Россия президенти Владимир Путиндин катышуусунда өткөн эл аралык жарандык форумда (4-7-декабрда) тапшырылган.
20 Бештин айы 2023, 19:53