Өкмөт Орозо айт менен Курман айттын качан болорун билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековМечитке айт-намазга келген адамдар. Архив
Мечитке айт-намазга келген адамдар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстанда Орозо айт — 10-апрелде, Курман айт 17-июнда болот. Бул туурасында өкмөт тараткан маалыматта айтылды.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койгон.

"2024-жылдын 10-апрели – Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну – Курман айт, дем алыш майрам күндөрү", — деп айтылган маалыматта.

Буга чейин айттын качан болорун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы айдын чыгышына карап, тактап айтып келген. Бул сапар анын датасы эрте кабарланды.
Орозо кармаган үй-бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Орозо жана Курман айттарынын болжолдуу датасы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0