https://sputnik.kg/20231224/kyrgyzstan-bir-zhuma-aba-yrajy-1081485424.html
Күн кайра жылыйт. Бир жумага карата аба ырайы
Күн кайра жылыйт. Бир жумага карата аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте да апта ичи жылуу болору божомолдонду. 24.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-24T08:42+0600
2023-12-24T08:42+0600
2023-12-24T08:42+0600
кыргызстан
аба ырайы
кыргызгидромет
божомол
кыш
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/14/1079685442_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_ebbb31e74ec0902400f02313a5fdeb1e.jpg
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.Божомолго караганда 24-декабрдан 30-декабрга чейин күн жылуу болуп, абанын температурасы кээ бир жерде +16 градуска чейин жете турганы айтылды. Бишкекте да апта ичи жылуу болорун билдиришти.Чүй, Талас24-25-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-27-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ал эми 28-декабрда күн ачык болсо, 29-30-декабрда көпчүлүк аймактарга кар түшөт дешти. Абанын температурасы Чүйдө 24-25-декабрда +16 градуска чейин жылыса, андан кийинки күндөрү күндүз термометр +9...+11 градусту көрсөтөт. Ал эми Таласта апта башында +11…+13 градус жылуу болсо, жума этегинде +3...+5 градуска түшөт.Ош, Баткен, Жалал-АбадӨлкөнүн түштүк аймактарында да аптанын башы жылуу болору айтылды. 25-декабрда абанын температурасы +14...+16 градуска чейин жетет. Анткен менен айрым аймактарга кар жаашы күтүлүүдө. 28-декабрдан баштап күндүн көзү бузулуп Ош, Баткен, Жалал-Абаддын көп жерине кар жаашы ыктымал.Нарын, Ысык-КөлЫсык-Көл облусуна 27-декабрда кар жаашы божомолдонду. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы апта башында +3...+8 градуска чейин жылуу болсо, жума этегинде 0...+5 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарында суук күчүндө турары айтылды. Күндүз -5...-7 градуска, 30-декабрда -9...-11 градуска чейин төмөндөйт. 26-27-декабрда кар жаашы мүмкүн.
https://sputnik.kg/20231212/mehriya-koomduk-transport-chakyruu-1081177423.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/14/1079685442_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_82db4783dbb82d2decd25a524295d7cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аба ырайы, кыргызгидромет, божомол, кыш
кыргызстан, аба ырайы, кыргызгидромет, божомол, кыш
Күн кайра жылыйт. Бир жумага карата аба ырайы
Бишкекте да апта ичи жылуу болору божомолдонду.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Божомолго караганда 24-декабрдан 30-декабрга чейин күн жылуу болуп, абанын температурасы кээ бир жерде +16 градуска чейин жете турганы айтылды. Бишкекте да апта ичи жылуу болорун билдиришти.
24-25-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-27-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ал эми 28-декабрда күн ачык болсо, 29-30-декабрда көпчүлүк аймактарга кар түшөт дешти. Абанын температурасы Чүйдө 24-25-декабрда +16 градуска чейин жылыса, андан кийинки күндөрү күндүз термометр +9...+11 градусту көрсөтөт. Ал эми Таласта апта башында +11…+13 градус жылуу болсо, жума этегинде +3...+5 градуска түшөт.
Өлкөнүн түштүк аймактарында да аптанын башы жылуу болору айтылды. 25-декабрда абанын температурасы +14...+16 градуска чейин жетет. Анткен менен айрым аймактарга кар жаашы күтүлүүдө. 28-декабрдан баштап күндүн көзү бузулуп Ош, Баткен, Жалал-Абаддын көп жерине кар жаашы ыктымал.
Ысык-Көл облусуна 27-декабрда кар жаашы божомолдонду. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы апта башында +3...+8 градуска чейин жылуу болсо, жума этегинде 0...+5 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарында суук күчүндө турары айтылды. Күндүз -5...-7 градуска, 30-декабрда -9...-11 градуска чейин төмөндөйт. 26-27-декабрда кар жаашы мүмкүн.
12 Бештин айы 2023, 12:07