Студенттердин 8 стартап-долбоорун мамлекет каржыламай болду
Студенттердин 8 стартап-долбоорун мамлекет каржыламай болду
Sputnik Кыргызстан
Бул сынакка катышуу үчүн жогорку окуу жайдын жана колледждин студенттеринен 158 арыз түшүп, алар үч этапта сындан өтүп, сегизи тандалган. 23.12.2023, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетине караштуу "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашыруу боюнча сегиз стартап долбооруна мамлекет каржылык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады."Студенттик стартап" сынагына жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн. Билдирмелер жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодо болуп үч кароодон өтүп, жыйынтыгында сегиз стартап-долбоор финалга өткөн.Финалда студенттер маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия тармактарындагы долбоорлорду жакташты.“Студенттердин идеяларын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 миллион сом каралган. Анын 3 миллион 160 миң 744 сому жеңүүчү аталган сегиз стартап-долбоорго бөлүнүп берилет", — деп айтылат министрликтин маалыматында.Мамлекеттен каржы ала турган стартап-долбоорлор:Айта кетсек, жогорку окуу жайлардагы бизнес-идеяларды ишке ашыруу, жаштар ишкердигине дем берүү максатында ушул жылдын март айында министрлер кабинетинин "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтому кабыл алынган.
Бул сынакка катышуу үчүн жогорку окуу жайдын жана колледждин студенттеринен 158 арыз түшүп, алар үч этапта сындан өтүп, сегизи тандалган.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетине караштуу "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашыруу боюнча сегиз стартап долбооруна мамлекет каржылык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Министрлер кабинетине караштуу "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашыруу боюнча сегиз стартап долбооруна мамлекет каржылык колдоо көрсөтөт
Министрлер кабинетине караштуу "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашыруу боюнча сегиз стартап долбооруна мамлекет каржылык колдоо көрсөтөт
Билдирмелер жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодо болуп үч кароодон өтүп, жыйынтыгында сегиз стартап-долбоор финалга өткөн
Билдирмелер жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодо болуп үч кароодон өтүп, жыйынтыгында сегиз стартап-долбоор финалга өткөн
Министрлер кабинетине караштуу "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашыруу боюнча сегиз стартап долбооруна мамлекет каржылык колдоо көрсөтөт
Билдирмелер жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодо болуп үч кароодон өтүп, жыйынтыгында сегиз стартап-долбоор финалга өткөн
"Биз жеңүүчү долбоорлорго талапты катуу коюу менен жакшы шарттарды түзүп бергенге даярбыз. Анткени, акчаны бөлүп берип коюу оңой, бирок аны ишке ашыруу, атаандаштыкка туруштук берүү татаал", — деген онлайн/офлайн форматында кеңешме министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов.
"Студенттик стартап" сынагына жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн. Билдирмелер жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодо болуп үч кароодон өтүп, жыйынтыгында сегиз стартап-долбоор финалга өткөн.
Финалда студенттер маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия тармактарындагы долбоорлорду жакташты.
“Студенттердин идеяларын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 миллион сом каралган. Анын 3 миллион 160 миң 744 сому жеңүүчү аталган сегиз стартап-долбоорго бөлүнүп берилет", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Мамлекеттен каржы ала турган стартап-долбоорлор:
Ош мамлекеттик университети – PARKING.G – Акылдуу тосмо (автоунаа токтотуучу жайларды жана төлөм системаларын автоматташтыруу) стартап-долбоору, 989 687 сом;
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети – Санариптештирилген айыл чарба "Мал-Жан-Санак" стартап-долбоору, 770 миң сом;
"Ала-Тоо" эл аралык университети – ECG Vision автоматташтырылган ЭКГ декоддоо (окуу) системасы стартап-долбоору, 725 миң сом;
Кыргыз-түрк "Манас" университети – Basi - KG энтомопатогендик козу карындын негизинде биоинсектицид өндүрүү технологиясын иштеп чыгуу стартап-долбоору, 556 миң 300 сом;
Баткен мамлекеттик университети – FilterFish стартап-долбоору, 435 миң 344 сом;
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – ОЗОН-1 стерилизатору (SMART OZONATOR) стартап-долбоору, 300 миң сом;
Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – "Сүттүү малдын бруцеллез оорусунун экспресс-диагностикасы" стартап-долбоору, 257 миң сом;
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжи – "Күнөсканада карагайларды, декоративдүү дарактарды, декоративдүү гүлдөрдү, мөмөлөрдү жана башка көчөттөрдү өстүрүү" стартап-долбоору, 117 миң сом.
Айта кетсек, жогорку окуу жайлардагы бизнес-идеяларды ишке ашыруу, жаштар ишкердигине дем берүү максатында ушул жылдын март айында министрлер кабинетинин "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтому кабыл алынган.