Өкмөт: кыргыз-тажик чек арасынын дагы 11,88 чакырымы макулдашылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРКыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Жазылуу
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара аймагынын 90 пайызы макулдашылганын билдирген.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.
Жолугушуу-сүйлөшүүлөр Тажикстандын Бустон шаарында 17-декабрдан 23-декабрга чейин болгон.
"Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат. Кезектеги жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду", – дешти министрлер кабинетинен.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызы макулдашылганын билдирген.
“Бир аз тилкелер гана калды, кудай буюрса аларды дагы жакынкы күндөрү тактап, аягына чыгарабыз. Ал Кайрагач, Кулунду, Максат, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жерден Жийделикке чейинки аймактар. Биз Карабак жана Ляккон (тажик айылы) боюнча үч өлкөнүн чегине чейин макулдаштык. Муну менен бардык талаштуу маселелерди чече алдык. Буюрса дагы бир нече жолугушуу болот, анан мамлекеттик чек аранын баары жазылып бүтөт”, — деген ал.
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна иш сапары менен барган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси жазында чечилип каларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0