Түштөнтүүгө 7 жылкы союлду. Садыр Жапаров ысырапкерчиликти жоюуга чакырды

© Sputnik / Константин МихальчевскийЧабан малды бадага айдап бара жатат. Архив
Чабан малды бадага айдап бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Жазылуу
Президент эл "түштөндүрүү" деген бир балакетти таап алганын айткан.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров тойго насыя алууну токтотууга жана жакшылык-жамандыкта ысырапкерчиликти азайтууга чакырды.
15-16-декабрда өткөн Элдик курултайда Садыр Жапаровго насыя алууну жеңилдетүү тууралуу суроо берилген. Президент кредит алууда документтерди азайтып, анын тез берилүүсүнө шарт түзүү боюнча тапшырма бергенин белгилеген. Ошондой эле элди ал акчаны той-ашка жумшабай туура пайдаланууга чакырган.
"Насыя десе эле бекер акча алып жаткандай дароо той берет экенбиз. Мындай фактылар да болду. "Кошунаман эмнем кем", "балам сынып калбасын, жакшы үйлөнтөйүн" деп бүт насыясын тойго жумшап салып, төлөй албай отургандар бар. Кредитти бирди эки, экини үч кылыш үчүн алыш керек. Эгер өзүңдүн менчик акчаң болсо каалагандай корото бер. "Насыя жаба албай калдым" деп мага ыйлап кайрылып жаткандар бар. Акчаны кайда коротконун өздөрү айтпайт, башкалардан сурай келсең тойго жумшаган болушат", — деген өлкө башчы.
Ал ысырапкерчиликти азайтуу боюнча жарлык чыгарып, молдолордон суранганына карабай ыксыз каадалар көбөйүп жатканына токтолгон.
"Куда тоскондо түштөндүрүү деген бир балакетти таап алышыптыр. Бир тууганым түштөндүрөт, улуусу, ортончусу, кичүүсү, анан кудам, кудамдын кудасы, классташтары деп жатып бир түндө жети жылкы союлуп кетти, ай. Бир күн, бир түндө! Бардың, кондуң, эртеси кеттиң, ошого эле жети жылкы союлду. Эмне деген ысырапкерчилик?! Андан көрө ошо акчага эки жаштын батиринин жарым акчасын төлөп койгон оң да", — деген Садыр Жапаров.
Ал алган насыяга иш ачып, айылдарда күнөсканаларды уюштуруп жашылча-жемиш өстүрүп сатууну сунуштаган.
Национальное блюдо Казы-карта - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2018
Тердетмей, ысырыктоо, карчыга тартуу. Жети дубандын куда тосуудагы өзгөчөлүгү
Жаңылыктар түрмөгү
0