КМШнын түптөлүү тарыхын баяндаган баалуу видео

Жазылуу
Мындан 32 жыл мурдагы СССРдин аймагында ири чоң саясий, тагдыр чечкен окуялардын бири болгон. Тагыраагы, 1991-жылы 21-декабрда Алма-Атада Шериктештикти түзүү боюнча декларацияга 11 республиканын жетекчилери кол коюшкан.
КМШнын түзүлүү тарыхын баяндаган документтерде төмөнкү президенттердин колу турат:
Россиянын президенти Борис Ельцин;
Азербайжандын президенти Аяз Муталибов;
Армениянын президенти Левон Тер-Петросян;
Беларустун Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич;
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев;
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев;
Молдованын президенти Мирча Снегур;
Тажикстандын президенти Рахмон Набиев;
Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов;
Украинанын президенти Леонид Кравчук;
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов.
1991-жылдын 21-декабрында кеч кирип калганда, саат 18:00дө союздук 15 өлкөнүн ичинен 11инин жетекчилери тагдыр чечкен чечимди кабыл алат. Ошентип Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түптөлгөн.
Бул саясий кадамга Балтика боюндагы республикалар жана Грузия катышкан эмес. Тбилиси 1993-жылы күздө кирип, кайра биринчилерден болуп 2008-жылы чыгып кеткен.
Украина макулдашууну ратификациялап, бирок уставга кол койгон эмес. Бир жылдык мүчө акысын төлөбөй, 2014-жылы шериктештиктен чыгарын айткан. Бирок ал чечимин 2022-жылдын 16-февралында ишке ашырган. Дагы бир республика, Молдова, уставды акыркылардан болуп 1994-жылы апрелде ратификациялайт. Аталган өлкө КМШдан 2024-жылдын аягына чейин чыгып кетүүнү пландап жатат.
Тема боюнча:
СССРдин 69 жылдык жашоосу токтоп... Жаңы тарых башталган окуянын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0