Эки күндөн кийин Кыргызстанда күн кайра жылыйт

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте кыз телефон менен отургучта отуруп жатат. Архив
Бишкекте кыз телефон менен отургучта отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Келерки аптанын башынан тарта өлкөдө абанын температурасы +16 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Күн ушул жуманын аягы, тагыраагы, ишембиден тарта жылып баштайт. 23-декабрда абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 9…14 грудуска жетсе, Таласта 9...11, Ош, Баткен, Жалал-Абадда 11...13 градус жылуу болот. Ал эми Ысык-Көлдө 4...9, Нарында 2 градуска чейин жогорулашы ыктымал.
25-26-декабрда Бишкек шаары, Чүй, Талас облустарында, өлкөнүн түштүгүндө дагы абанын температурасы 16 градусту көрсөтөрү айтылды. Нарында 2...4, Ысык-Көлдө 3...8 градус жылыйт деп божомолдонууда.
Казакстанга жардам берген кыргыз куткаруучулары кайтып келишти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2023
Казакстанга жардам берген кыргыз куткаруучулары кайтып келишти
Жаңылыктар түрмөгү
0