Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бейшенбаев: кыргыз опера ырчыларынын табиятынан үн диапазону күчтүү болот

© Sputnik / Асель СыдыковаАбдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Элгиз Бейшенбаев
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Элгиз Бейшенбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Элгиз Бейшенбаев эл аралык сынактар вокалисттерге чоӊ тажрыйба берерин белгиледи.
Москва шаарында өткөн "Романсиада" эл аралык сынагынан байгелүү кайткан Элгиз Бейшенбаев ырчы болуусуна ата-энеси ар тараптуу колдоо көрсөткөнүн Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.
Бейшенбаев: кыргыз опера ырчыларынын табиятынан үн диапазону күчтүү болот
Ал алгач Каракол шаарында Ыбырай Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык училищеде, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жана кошумча аспирантурада окуп, жалпы 11 жыл билим алган.
"Сентябрда "Русский дом" уюштурган Орто Азиянын VII "Романсиадасында" жеңүүчү болуп, үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Москва шаарында өткөн "Романсиада" аттуу орус романсынын жаш аткаруучуларынын XXVII эл аралык сынагынын финалына катышуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул эл аралык сынакта экинчи орунга ээ болдум. Иш-чарада классикалык, заманбап жана салон романстарын аткаруу тапшырмасы коюлган. Биринчи турда Сергей Рахманиновдун "Как мне больно" романсын, экинчи турда Евгений Мартыновдун музыкасына жазылган "Белокрылый полет" чыгармасын, үчүнчү турда Борис Фоминдин "Пой, цыган" романстарын аткардым. Сынакка концертмейстерим Айбарчын Алиевна менен эки ай даярдык көрдүм. Катышуучулар, атаандаштар абдан күчтүү болду. Кыргызстандан барган артисттерди Болот Миӊжылкыев аркылуу таанышат. Тоолуу жерде чоӊойгондуктанбы, кыргыз опера ырчылары табиятынан үн диапазонунун күчтүүлүгү жана кеӊдиги менен өзгөчөлөнөт. Мындай сынактар вокалисттерге чоӊ тажрыйба берет десем болот", — деди Бейшенбаев.
Ал тенор болгондуктан спектаклдерде жаш, оӊ каармандардын ролдорун аткарарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0