11-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКар жаап атканда бараткан кыз. Архивдик сүрөт
Кар жаап атканда бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Жазылуу
11-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жана Таласта 0...-5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө 0...+5 жана Нарында -2...+3 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте -1...-3 жана Ош шаарында +5...+7 градусту көрсөтөт.
Суук аба ырайында көчөдө бара жаткан бала. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Ызгаардуу суук башталат. Кыргызстанда 16-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0