Кыргызстанда чакан ишканалар көбөйүп жатканы айтылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТигүү цехте иштеген кыз. Архивдик сүрөт
Тигүү цехте иштеген кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Жазылуу
Ар бир өлкө чакан ишканаларды ар кандай ыкма менен аныктайт. Кыргызстанда 50 кызматкерге чейин иштесе ал чакан ишкана болуп саналат.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстанда чакан ишканалардын саны өсүүдө. Бул тууралуу ЕАЭБдин беш жылдык статистикалык жыйнагында айтылат.
Кыргызстанда чакан ишкана болуп эсептелгендер:
айыл чарба, тоо-кен өндүрүшүндө жана электр энергиясын, газ жана сууну бөлүштүрүү өндүрүшүндө, курулушта – 50гө чейин адам иштесе;
соода, автоунаа оңдоо, мейманкана, кыймылсыз мүлк менен алектенүү, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактарда — 15ке чейин адам иштесе.
Кыргызстандагы чакан ишканалардын саны (ар жылдыкы)
2018 — 14 520;
2019 — 16 199;
2020 — 16 302;
2021 — 16 252;
2022 — 16 587.
Белгилей кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө да чакан ишканалардын саны көбөйгөн.
 Беш миң сомдук купюра жана диаграмма. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде лидерлердин катарына кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0