Чет элдик компаниялар менен Токтогул ГЭСинен 3 эсе чоң станция куруу макулдашылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЧет элдик компаниялар менен Токтогул ГЭСинен 3 эсе чоң станция куруу макулдашылды
Чет элдик компаниялар менен Токтогул ГЭСинен 3 эсе чоң станция куруу макулдашылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Жазылуу
Меморандумга кол коюу аземи мамлекет башчынын катышуусунда өттү.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Франциянын жанан Бириккен Араб Эмирликтеринин энергетикалык компаниялары Кыргызстанга жалпы кубатуулугу 3,6 гигаватт станцияларды курууга даяр. Бул туурасында Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1,2 гигаваттан ашыгыраак.
Дубайда өткөн Климат боюнча иш-аракеттердин дүйнөлүк саммитинин алкагында Кыргызстандын энергитика министри франциялык EDF жана БАЭнин Masdar мамлекеттик компанияларынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлган.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Дубайда өткөн Климат боюнча иш-аракеттердин дүйнөлүк саммитинин алкагында Кыргызстандын энергитика министри франциялык EDF жана БАЭнин Masdar мамлекеттик компанияларынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлган

Дубайда өткөн Климат боюнча иш-аракеттердин дүйнөлүк саммитинин алкагында Кыргызстандын энергитика министри франциялык EDF жана БАЭнин Masdar мамлекеттик компанияларынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлган - Sputnik Кыргызстан
1/2

Дубайда өткөн Климат боюнча иш-аракеттердин дүйнөлүк саммитинин алкагында Кыргызстандын энергитика министри франциялык EDF жана БАЭнин Masdar мамлекеттик компанияларынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлган

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Тараптар Кыргызстан менен кызматташууга жана документтеги долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришкен

Тараптар Кыргызстан менен кызматташууга жана документтеги долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришкен - Sputnik Кыргызстан
2/2

Тараптар Кыргызстан менен кызматташууга жана документтеги долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришкен

1/2

Дубайда өткөн Климат боюнча иш-аракеттердин дүйнөлүк саммитинин алкагында Кыргызстандын энергитика министри франциялык EDF жана БАЭнин Masdar мамлекеттик компанияларынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлган

2/2

Тараптар Кыргызстан менен кызматташууга жана документтеги долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришкен

“Бул документке жалпы кубаттуулугу 3,6 гигаваттка чейин гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын долбоорлоруна инвестиция салуу жана энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кол коюлду. Министр Таалайбек Ибраев өз сөзүндө энергетика тармагы боюнча инвесторлор менен кызматташууга жана Кыргызстандын электр энергиясын өнүдүрүүгө болгон потенциалына токтолду”, — деп айтылат маалыматта.
Тараптар Кыргызстан менен кызматташууга жана документтеги долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришкен.
Президенттин маалымат кызматы кол коюу аземи Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп, андан соң эки компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болгонун билдирди.
“Өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалына өзгөчө көңүл бурууга чакырам, ал жылына болжол менен 142,5 миллиард киловатт саатты түзөт. Бирок учурда 13 пайыздан ашпаганы пайдаланылып жатат. Кыргызстан “жашыл экономиканы” өнүктүрүүгө туруктуу багыт алды”, — деп айткан мамлекет башчы инвесторлорго.
Өз кезегинде Masdar компаниясынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын куруунун маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстандын таза энергетика тармагындагы максаттарын колдоого өз тажрыйбасын колдонорун билдиришкен.
Рабочая поездка председателя Кабинета Министров КР Акылбека Жапарова в Кардифф - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Акылбек Жапаров британиялык компаниянын заводун Кыргызстанда ачууга макулдашты
Жаңылыктар түрмөгү
0