Азия кубогуна даярдык. Кыргызстан командасынын кеңейтилген тизмеси

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын курама командасы. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын курама командасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Жазылуу
Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Улуттук курама "D" тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргыз футбол клубу Азия кубогуна даярдана турчу курама команданын кеңейтилген тизмесин жарыялады.
"32 оюнчудан турган курама команда 7-14-декабрь күндөрү Ысык-Көлдө машыгып, андан ары даярдыгын БАЭде жана Катарда улантып, ал жактарда үч жолдоштук беттеш өткөрөт. Башкы машыктыруучу Штефан Таркович оюнга аз калганда команданын ойной турчу курамын бекитет", — деп айтылат маалыматта.
Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев жана Курманбек Нурланбеков.
Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Бактыяр Дүйшөбеков, Александр Мищенко, Християн Браузман, Айзар Акматов, Тамирлан Козубаев, Акрамжон Умаров, Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев жана Амантур Шамурзаев.
Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахмонов, Адил Кадыржанов, Элдияр Зарыпбеков, Алимардон Шүкүров, Амир Жапаров, Эрбол Атабаев, Кай Мерк, Кими Мерк, Атай Жумашев, Бекназ Алмазбеков, Фархат Мусабеков, Гүлжигит Алыкулов, Мирбек Ахматалиев жана Нурдөөлөт Сталбеков.
Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кожо Жоэл жана Дастан Токтосунов.
Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Улуттук курама "D" тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.
Кыргызстандын Абдыш-Ата клубу  Алтын Асырды жеңди  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Кыргызстандык клуб тарыхта биринчи жолу АФК кубогунда плей-оффко чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0