Аймактардагы мамлекеттик дарыканалардын дареги. Тизме

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош"Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы. Архивдик сүрөт
Эл Аман мамлекеттик дарыканасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Жазылуу
"Эл Аман" дарыканаларында дары-дармек 10-15 пайызга арзан сатылат.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы өлкөдө мамлекеттик 48 дарыкана иштеп жатканын айтып, аймактардагылардын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, учурда "Эл Аман" аталышында Чүйдө алты, Ысык-Көлдө төрт, Таласта беш, Нарында үч, Ошто тогуз, Жалал-Абадда алты, Баткенде беш мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.
Алардын баарында дары-дармек 10-15 пайызга арзан сатылат.
Чүй облусу
Жайыл райондук үй-бүлөлүк медициналык борбору. Дареги: Кара Балта шаары, Космонавт көчөсү, 1;
Жайыл аймактык ооруканасы. Дареги: Кара Балта шаары, Бейшеналиев көчөсү,1;
Сокулук районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Сокулук району, Больничная көчөсү, 1;
Ысык-Атадагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Кант шаары, Э. Иманкулов, көчөсү, 6;
Токмок шаарындагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 140;
Кемин районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Кемин шаары, Абдыбачаев көчөсү, 27;
Ысык-Көл облусу
Балыкчы шаарындагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Балыкчы шаары, Т. Океев көчөсү, 94;
Чолпон-Ата шаарындагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Советская көчөсү, 1;
Түп районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Түп айылы, Осмонов көчөсү, 64/а;
Каракол облустук ооруканасы. Дареги: Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү, 2;
Талас облусу
Талас облустук ооруканасы. Дареги: Талас шаары, Бердике-Баатыр көчөсү, 1а;
Талас районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Көк-Ой айылы, Манас көчөсү, 2;
Бакай-Ата районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Бакай-Ата району, Манас көчөсү, 20;
Айтматов районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Кызыл-Адыр айылы, Сатыбалдиев көчөсү,1;
Манас районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Покровка айылы, Кызыл-Туу көчөсү, 1;
Нарын облусу
Нарын райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Нарын шаары, Качкынов көчөсү, 5;
Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору. Дареги: Нарын шаары, Качкынов көчөсү, 5;
Кочкор районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Кочкор айылы, Сагымбай Орозбак көчөсү, 157;
Ош облусу
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 12-филиал. Дареги: Ош шаары, Р. Абдыкадыров көчөсү, 9;
Ош шаардык клиникалык оорукана. Ош шаары, Шоноев көчөсү, 5/1;
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору. Дареги: Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 22а;
Ош облустук балдар ооруканасы. Ош шаары, Салиев көчөсү, 56-2;
Кара-Суу балдар ооруканасы, Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү, б/н;
Кара-Кулжа райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борбору.
Дареги: Кара-Кулжа айылы, Ч. Пазылов көчөсү, 76;
Ноокат районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору. Дареги: Ноокат шаары, Солтобаев көчөсү, 24;
Өзгөн райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Өзгөн шаары, Манас көчөсү;
Араван райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Араван айылы, Ош 3000 көчөсү, 95;
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукана. Дареги: Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 91;
Базар-Коргон районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Базар-Коргон шаары, Сайдуллаева көчөсү, 94а;
Ноокен районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Масы айылы, Сорокин көчөсү, 13;
Кочкор-Ата райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Кочкор-Ата шаары, Мурадян көчөсү, 17;
Токтогул районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Токтогул шаары, Момункулов көчөсү, 27;
Үч-Коргондогу дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Үч –Коргон айылы, Дадабаев көчөсү,100;
Баткен облусу
Сүлүктү райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Сүлүктү шаары, Пушкин көчөсү, 96;
Кадамжай райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Кадамжай шаары, Больничная көчөсү, 7;
Лейлек райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Исхак Разаков шаары, Строительная көчөсү, 3;
Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору. Баткен шаары, Султанмурат миңбашы көчөсү, 14;
Кызыл-Кыя райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борбору. Дареги: Кызыл-Кыя шаары, Ленин көчөсү, 7.
Буга чейин Бишкек шаарында иштеп жаткан 10 мамлекеттик дарыкананын дареги жарыяланган.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Министр: саламаттык сактоо тармагында болуп көрбөгөндөй реформа башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0