Жунай Мавляновдун 100 жылдыгына карата китептеринин көргөзмөсү ачылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды
 Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Жазылуу
Тарыхый инсандын 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленген.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, Жунай Мавляновдун жакындары катышканы айтылды.
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР

Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, Жунай Мавляновдун жакындары катышканы айтылды.

Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, Жунай Мавляновдун жакындары катышканы айтылды. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, Жунай Мавляновдун жакындары катышканы айтылды.

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР

Кыргыз эл жазуучусунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, башка да бир катар иш-чаралар өткөнү кошумчаланды.

Кыргыз эл жазуучусунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, башка да бир катар иш-чаралар өткөнү кошумчаланды. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Кыргыз эл жазуучусунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, башка да бир катар иш-чаралар өткөнү кошумчаланды.

1/3

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

2/3

Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, Жунай Мавляновдун жакындары катышканы айтылды.

3/3

Кыргыз эл жазуучусунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, башка да бир катар иш-чаралар өткөнү кошумчаланды.

"Көргөзмөгө жазуучунун китептери, сүрөттөрү, өмүрү жана чыгармачылыгына арналып жазылган гезит-журналдагы макалалар коюлган", — деп жазылат маалыматта.

Кыргыз эл жазуучусунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, башка да бир катар иш-чаралар өткөнү кошумчаланды.
Бүтүндөй өмүрүн агартуучулукка арнаган жазуучунун "Жүрөк", "Аркыт гүлдөрү", "Мөл булак", "Бекиш, сага эмне болду?", "Күтүү", "Менин күндөлүгүм", "Ачык асман", "Келе колуңду", "Чагылган", "Нан", "Турмуш" жана башка поэзия жана проза жыйнактары жарык көргөн. "Ачык асман", "Бийиктик", "Жаңы таң" романдары, ошондой эле аңгеме, повесттери украин, беларус, татар, башкыр, якут, француз, немец, англис, чех тилдерине которулганы айтылды.
Жунай Мавляновго СССРдин эл агартуу отличниги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген наамдар берилген. Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, Кыргыз Республикасынын II даражадагы Манас ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей-интернатка ысымы ыйгарылган. 2008-жылы Бишкекте жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.
Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Программа
Жаңылыктар түрмөгү
0