Улуттук госпиталда жаңы МРТ ишке кирди. Жарандар 3 күн акысыз көрүнө алат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевУлуттук госпиталда жаңы МРТ менен иштеген адис
Улуттук госпиталда жаңы МРТ менен иштеген адис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
Диагностикадан өтүү үчүн алдын ала жазылуу керек.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук госпиталда жаңы магниттик-резонанстык томография (МРТ) ишке киргенин айтып, үч күн акысыз диагностика жүргүзүлөрүн белгиледи.
Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, акысыз диагностика үч күнгө созулат.
"Жарандар 22-24-ноябрь күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча кабыл алынат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
МРТ аппаратына акысыз түшүүнү каалагандар алгач бейтапканадан дарыгердин жолдомосун алышы шарт.
"Андан башка алдын ала даярдыктын кереги жок, болгону ички органдарын текшертүүдө ачкарын баруу зарыл", — деп айтылат кабарда.
Акысыз диагностикадан өтүү үчүн 0709905511 номери аркылуу жазылса болору кошумчаланды.
Кош бойлуу аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Кыргызстанда болочок энелер үчүн телеграм-бот ишке киргизилди
Жаңылыктар түрмөгү
0