https://sputnik.kg/20231116/bishkekte-kmshnyn-parlament-aralyk-assambleyasy-sayasiy-maselelerdi-talkuuloodo-1080483911.html
Бишкекте КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы саясий маселелерди талкуулап жатат
Бишкекте КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы саясий маселелерди талкуулап жатат
Sputnik Кыргызстан
Мамдуманын депутаты Казбек Тайсаевдин айтымында, бүгүнкү күндө неофашизм менен күрөш негизги милдеттердин бири болуп турат. 16.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-16T14:28+0600
2023-11-16T14:28+0600
2023-11-16T14:28+0600
кмш парламенттер аралык ассамблеясынын бишкектеги сессиясы
кмш
кыргызстан
беларусь
россия
кмш парламенттер аралык ассамблеясы
балдар
улуу ата мекендик согуш
улуу жеңиш
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/10/1080476723_0:256:2730:1792_1920x0_80_0_0_30839c8f4eede0aa29a1a60b7cd79e0e.jpg
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын борборунда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык кызматташуу жана саясий маселелер боюнча комитетинин отуруму өтүп жатат.Россиянын Мамдумасынын депутаты Казбек Тайсаев иш-чаранын канчалык деңгээлде маанилүү экендигин белгиледи.Беларустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин туруктуу комиссиясынын улуттук коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Сергей Рачков атаандаштар, кээде каршылаштар КМШнын өлкөлөрүнүн ажырымын каалаарын, ага аракет жасап келишерин белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттер аралык алаканы чыңдаш керек."Тарыхый эстеликтер жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш бизди бириктирет. Биздин бирге болушубуз зарылдык. Россия менен Беларусь Федерация кеңеши жана Республикалык кеңештин колдоосу менен эки жылдан бери "Эстеликтерди издөө" деп аталган мекенчилдик акциясын өткөрүп келет. Анын алкагында 10-класстын 200 окуучусу поезд менен Беларусь жана Россияны согуштун каармандарын эстеткен жерлерин кыдырып чыгышат. Эки апталык сапарда балдар мекенчилдикти бекемдеген иш-чаралардын алкагында эстеликтерди, жоокерлер курман болуп, эрдик көрсөтүп же жашырылган жайларды көрүп, токтогон жерлеринин маданияты, тарыхы менен таанышат. Мындан сырткары, достошуп, өз ара байланыштарын бекемдейт. Биринчи жана экинчи долбоордун алкагында балдардын бири-бирине жакындашып, пикир алышып, социалдык тармак аркылуу да алакасын арттырышат. 2024-жылы КМШга мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн балдарын чакырып, алардын да жогоруда айтылган жерлерди көрүп, эки мамлекеттин маданий очокторуна кошулушун пландап жатабыз", — деди Рачков.
https://sputnik.kg/20231115/rftin-federaciya-keneshi-keldi-1080461400.html
кмш
беларусь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/10/1080476723_0:0:2730:2048_1920x0_80_0_0_0389823196122c41413f62eb251e0572.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кмш, кыргызстан, беларусь, россия, кмш парламенттер аралык ассамблеясы, балдар, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш
кмш, кыргызстан, беларусь, россия, кмш парламенттер аралык ассамблеясы, балдар, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш
Бишкекте КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы саясий маселелерди талкуулап жатат
Мамдуманын депутаты Казбек Тайсаевдин айтымында, бүгүнкү күндө неофашизм менен күрөш негизги милдеттердин бири болуп турат.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын борборунда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык кызматташуу жана саясий маселелер боюнча комитетинин отуруму өтүп жатат.
Россиянын Мамдумасынын депутаты Казбек Тайсаев иш-чаранын канчалык деңгээлде маанилүү экендигин белгиледи.
"Быйыл Россия Улуу Ата Мекендик согуштагы маанилүү учурлардан болгон Сталинградды бошотуунун 80 жылдыгын жана башка окуяларды белгилейт. Тилекке каршы, АКШ жана европалык бир катар мамлекеттер дүйнөнү чоң трагедияга, ири согушка түртүп жатат. Биздин кесиптештерибиздин баары, мекендештерибиз эле эмес, бүт дүйнө жүзү тарыхты кайра жазып чыгууга болбой тургандыгын, токтош керектигин, мындайга эч ким жол бербестигин айтып жатышат. Бүгүнкү күндө неофашизм менен күрөш негизги милдеттердин бири болуп турат. 1945-жылы Советтер Союзунун жалпы эли алып келген Улуу Жеңиш биздин мамлекеттерди бириктирет", — деди депутат.
Беларустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин туруктуу комиссиясынын улуттук коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Сергей Рачков атаандаштар, кээде каршылаштар КМШнын өлкөлөрүнүн ажырымын каалаарын, ага аракет жасап келишерин белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттер аралык алаканы чыңдаш керек.
"Тарыхый эстеликтер жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш бизди бириктирет. Биздин бирге болушубуз зарылдык. Россия менен Беларусь Федерация кеңеши жана Республикалык кеңештин колдоосу менен эки жылдан бери "Эстеликтерди издөө" деп аталган мекенчилдик акциясын өткөрүп келет. Анын алкагында 10-класстын 200 окуучусу поезд менен Беларусь жана Россияны согуштун каармандарын эстеткен жерлерин кыдырып чыгышат. Эки апталык сапарда балдар мекенчилдикти бекемдеген иш-чаралардын алкагында эстеликтерди, жоокерлер курман болуп, эрдик көрсөтүп же жашырылган жайларды көрүп, токтогон жерлеринин маданияты, тарыхы менен таанышат. Мындан сырткары, достошуп, өз ара байланыштарын бекемдейт. Биринчи жана экинчи долбоордун алкагында балдардын бири-бирине жакындашып, пикир алышып, социалдык тармак аркылуу да алакасын арттырышат. 2024-жылы КМШга мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн балдарын чакырып, алардын да жогоруда айтылган жерлерди көрүп, эки мамлекеттин маданий очокторуна кошулушун пландап жатабыз", — деди Рачков.

15 Жетинин айы 2023, 20:19