00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Реабилитолог баш ооруну дары ичпестен кантип жазса болорун айтты

© Фото / Pexels / Mikael BlomkvistКыз баш оруу учурунда. Иллюстративдик сүрөт
Кыз баш оруу учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Жазылуу
Адис баш ооруга көбүнчө омуртканын көкүрөк туштагы жана моюн тараптагы бөлүгүнүн абалы, моюн менен далынын ортосундагы булчуңдун жакшы эмес иштеши себеп болорун белгиледи.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Көп учурда баш моюн омурткалары менен моюн булчуңдарынын абалына байланыштуу ооруйт. Бул тууралуу Sputnik радиосуна реабилитолог Владимир Бондаренко билдирди.
Дарыгердин айтымында, көпчүлүк адамдар баш оорунун себебине маани бербестен, дароо эле ооруну басчу дары иче салышат. Ошондой эле ал баш оорунун себептери өтө көп экенин айтып, адамда бул абал көптөн бери, улам-улам кайталанып жаткан болсо дарыгерге кайрылуу зарылдыгына токтолгон.
"Баштын оорушуна көбүнчө омуртканын көкүрөк туштагы жана моюн тараптагы бөлүгүнүн абалы, моюн менен далынын ортосундагы булчуңдун жакшы эмес иштеши себеп болот. Бул булчуңдар көпкө чейин жакшы иштебей жаткандыктан адамдын далы жагы "таштай" катып калат. Мындан улам баштын кан тамырларында кан айлануу начарлайт", – деп түшүндүрдү Бондаренко.
Ал адегенде бейтап дарыгерге кайрылып, бардык керектүү анализдерди тапшырып текшерүүдөн өтүшү кажет экендигин билдирди. Андан кийин гана оору менен күрөшүү жолдору тандалып алынарын айткан.
"Кайсы бир булчуңдарды машыктыруудан мурун ткандарды "дем ала тургандай" абалга келтирүү керек, ошондо жумшак, ийилчээк болуп калат. Андай абалга укалоо, ийне саюу, сүлүк коюу жолдору менен жетсе болот", – дейт дарыгер.
Ал ооруну басуунун натыйжалуу жолдорунун бири башты укалоо экенин айтат. Далы, моюн тараптан тартып кулактын артына чейин, желкени, башты укалоо көптөгөн адамдардын баш оорусунун жазылышына жардам берет. Ал эми аны алдын алуу үчүн эртең менен дене тарбиялык көнүгүү жасап, таза абада көп сейилдөө сунушталат.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын бөлүм башчысы Назгүл Мамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Радио
Кеч күздө күч алчу менингиттин белгилери айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0