Көлдө теплоходго урунуп көз жумган кыз менен жигит. Кылмыш иши токтотулду

© Sputnik / Наталья СеливерстоваТеплоход. Архивдик сүрөт
Теплоход. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жазылуу
Кайгылуу окуя ушул жылдын 23-июлунда Чолпон-Ата шаарында болгон.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө кыз менен жигиттин өлүмүн шарттаган катердин айдоочусуна карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
"Милиция мындай чечимди каза болгондордун ата-энелери айыптоодон баш тарткандан кийин кабыл алган", — дешти ОИИБден.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 23-июлунда 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигитти гидроскутер коюп кеткени айтылган. Экөө тең алган жаракатынан улам каза тапкан. Кийин милиция Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде суудагы оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн "таблетка" баллонун сүйрөтүп бара жатып теплоходго урунганын билдирген.
Буга байланыштуу моторлуу кайыктын айдоочусуна карата "Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") беренеси менен иш козголгон.
Белгилей кетсек, катердин айдоочусу 16 жаштагы өспүрүм болгон.
Бишкек — Ош жолунда бензовоз күйүп кеткен кырсык. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Күйгөн бензовоздун айдоочусуна жардам берген милиционер көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0