Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Татиков: ишкерлерге жана фермерлерге пайызсыз насыялар берилүүдө

© Sputnik / Асел АкматФинансы министринин орун басары Руслан Татиков
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Жазылуу
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков аталган министрлик тарабынан ишке ашып жаткан эки долбоор тууралуу маалымат берди.
Ишкерлерге жана фермерлерге пайызсыз насыялар берилүүдө. Бул тууралуу Руслан Татиков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Татиков: ишкерлерге жана фермерлерге пайызсыз насыялар берилүүдө
Анын айтымында, бул багытта министрлик эки долбоорду ишке ашырууда.
"Биринчиси — өлкө боюнча ишкерлерди колдоо долбоору. Анын алкагында бизнести колдоо жана өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктар аркылуу пайызсыз кредиттер берилүүдө. Муну алуу үчүн ишкердин соңку алты айда салык боюнча карызы болбошу керек. Жылдык айлантуусу 8 миллион сомго чейин болсо, миллион сомго чейин берилет. Ал эми жылдык айлантуусу 30 миллион сомго чейинкилер үч миллион сомго чейин ала алышат. Ушул жылдын 1-октябрына карата 7 миң 993 ишкерге жалпы суммасы 5 миллиард 110 миллион сомдон ашуун пайызсыз насыя берилди. Алардын 80 пайыздан ашыгы соода, 20 пайызы өндүрүш менен алектенген же тейлөө тармагындагылар. Ал эми экинчи долбоордун алкагында Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын фермерлерине пайызсыз жана күрөөсүз насыя берилүүдө. Бүгүнкү күндө 2 124 фермер жалпысынан 3 миллион 186 миң доллар алды. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жогоруда аталган аймактардан 692 фермер 1 миллион 38 миң долларга каржыланат. Долбоор боюнча фермерлерге уй сатып алууга жардам берилет. Каражатты 4-8 адамдан турган топтор ала алат. Бирок ал үчүн фермердин үлүш жери 5 гектардан, уйларынын саны 3төн ашпашы керек жана башка кредити жок болушу шарт", — деди Татиков.
Ошондой эле ал келечекте пайызсыз жана күрөөсүз насыялар багбанчылыкка да бериле баштаарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0