Ысык-Көл облустук драма театры "Күн кармаган бала" менен Бакуга жөнөп кетти

© Sputnik / Евгений БиятовБакудагы жээк. Архив
Бакудагы жээк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Иш-чара ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулууда.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжандын Баку шаарында өтө турган театр фестивалына жөнөп кеткенин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кабарда иш-чара ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулуп жатканы айтылат.
Чыгармачыл топ фестивалга Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин "Күн кармаган бала" спектакли менен катышат.
Эскерте кетсек, бул спектакль IX эл аралык "Арт-Ордо" театр фестивалында баш байгени багындырган.
Сабира Күмүшалиева 50, Назира Мамбетова 27 жашта эле. Ак кемедеги таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Сабира Күмүшалиева 50, Назира Мамбетова 27 жашта эле. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0