Алдыдагы үч күндө күн сууктап, үшүк жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТоңуп калган жалбырактар
Тоңуп калган жалбырактар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Кыргызстанда жакынкы күндөрү бийик тоолуу райондордо суук түнкүсүн -14 градуска чамалап барарын эскертишти.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 31-октябрда эртең менен, күндүз жана 1-2-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаап, кар түшүшү, дээрлик бардык дубандарда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирүү таратты.
"31-октябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр төгүп, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт", — деп эскертишкен синоптиктер.
Шамалдын 15-20 метрге жетиши ыктымалдыгын айтышты.
31-октябрда күндүз жана 1-2-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, бир топ аймактарда үшүк жүрөрү кабарланды.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2 градус болуп, үшүк жүрөрү, күндүз 7…12 градус болорун билдирди.
Таласта түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3 градус болуп, үшүк жүрөрү, күндүз 6…11ге төмөндөрүн эскертти.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градус болот. Ош, Баткен дубандарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3 градуска төмөндөп, үшүк жүрөт, ал эми күндүз 5…10го чамалайт.
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2 градус ылдыйлап, үшүк жүрөт, күндүз температура 6…11дин тегерегинде турат.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5, күндүз 6…11 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болорун билдирди. Кыргызстанда бул күндөрү суук бийик тоолуу райондордо байкалат, синоптиктер түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус болушу күтүлөрүн айтышты.
Паркта сейилдеп жүргөн кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Өлкөнүн бардык жеринде күн сууктайт. Аптанын аягына чейинки аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0