Согуш жүргүзүү мыйзамдарын унуткарыштыбы? Эске салчулар четтен чыгат

© AFP / MOHAMMED ABEDИзраилдин Газа секторун түштүгүндөгү Рафах качкындар лагерине жасаган соккусунан кийин
Израилдин Газа секторун түштүгүндөгү Рафах качкындар лагерине жасаган соккусунан кийин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Жазылуу
Ушул таптагы кырдаалдан улам дүйнөлүк медиа айдыңында таң каларлык макалалар чыгып калууда. Жакында эле америкалык онлайн басылмалардын биринде кызык ойлорду камтыган материал жарыяланды.
Израиль согуш мыйзамдарын жана эл аралык укуктарды сактоого, ошондой эле моралдык, стратегиялык акыл калчоого тийиш. Эгер антпесе, Америка Кошмо Штаттары Израилди колдоону токтотот.
Бул маселеде согуш мыйзамдары жана эл аралык укук дале барбы? Соңку жылдардагы окуялар булар менен адамзат эбак кош айтышканын айгинелеп келе жатпайбы. Ушундай ой учугун чубаган Дмитрий Косыревдин кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Ушул макаладан улам тарыхка бир кайрылууну эп көрдүк. Учурдагы эл аралык укукка согуш мыйзамдарынын киргизилишине Россиянын салымы чоң. Тээ Николай IIнин тушунда. Айта берсек, таржымалы узун, аталыштары – 1899 жана 1907-жылдардагы Гаага конференциялары.
Эки иш-чараны тең Россия демилгелеген. Күн тартибин да түзгөн. Экөөнө тең россиялык өкүл төрагалык кылганы маалым. Биринчисинде кургактагы согуштун мыйзам жана адаттары кабыл алынып, экинчисинде баары так көрсөтүлгөн. Атап айтканда, комбатант жана комбатант эместерге, калктын партизандык согуш жүргүзүү укугуна чектөө киргизилип, ашкере азапка салган курал жана заттарды пайдаланууга тыюу салынган.
Согуштун зарылдыгы жокто касташкан тараптын менчигин жок кылуу, басып алуу, согуш туткундарын өлтүрүү мыйзамсыз деп бааланган. Жеке мүлктү талап-тоноо, тартып алууга жол берилбейт. Маданий эстелик, медициналык мекемелерди коргоо жана сактоого мүмкүн болушунча чара көрүү керектиги белгиленген. Дал ошондо аскердик кылмыш түшүнүгү келип чыккан.
Туура баамдадыңыз, окурман, бул теманы козгоп, эл аралык эрежелерди баштаган Россия болгон. Гаага — ушул багыттагы эл аралык укуктун пайдубалы. Ал эми кийин кабыл алынган конвенциялар жана Нюрнберг трибуналынын чечимдери дал ошол алгачкы булактан келип чыккан. Мындай жоболордун баары 1912-жылы чыгарылган "Кургактагы согуш мыйзам жана каадалары тууралуу орус армиясынын наказына" кирип, Талаа кызматынын уставына тиркеме болгон. Ага ылайык, аскер күчтөрү касташкан тараптын өмүрүн, намысын коргоп, дин жана ишенимдерин сыйлоого тийиш.
Жарадар жана дарт тооруган аскерлер согуш талаасынан кайсы армиядан экенине карабастан алынып, өмүрү сакталат. Туткундарга адамгерчиликтүү мамиле жасалып, орус армиясындагыларга түзүлгөн шартта багылат. Согуштук аракеттер маалында уулуу затты же ууланта турган куралды колдонууга, куралын таштап, багынган душманды жарадар кылып же өлтүрүүгө, душман тарабынан ээленбеген калаа, кыштак, турак жай же имараттарга чабуул коюп, бомбалоого тыюу салынат. Ушул күнгө дейре ошол "Наказ" иштейт. Россия акыркы жылдары согушту эрежелерге ылайык жүргүзүүгө болорун көрсөтүүдө.
Сирия: согуштук аракеттер зонасынан жайкын жашоочуларды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридорлор, жарандык инфраструктурага сокку уруудан баш тартуу, ушул темалардагы сүйлөшүү жүргүзүү технологиялары жана башкалар.
Украина: жарандык инфраструктурага, ооруканаларга же маданий объектилерге сокку уруудан баш тартуу, гуманитардык коридорлор, туткундарга гумандуу мамиле. Согушта россиялык жоокердин үлгүлүү жүрүм-туруму айрымдар үчүн ушундай бир олуттуу коркунуч болгонун мындан билиңиз, Сириядагы тажрыйба эске алынып, алдын ала америкалык-украиналык пропагандисттик машина түптөлгөн. Өздөрүнө келгенде андай эрежелер иштебейби?!
Афганстан, Ирак, Сирияда Мосула менен Ракка бомбаланып, үйлөрдү, суу жабдууларын жана башка инфраструктуралар талкаланды. Булардын баары аталган макалада тизмектелген. Муну менен автору Сара Ягер да кызык бир фактыны сыймыктануу менен эске салгандай. Human Rights Watch уюмуна чейин ал Пентагондо адам укуктары боюнча кеңешчиликти аркалаган. Ушул иштин жыйынтыгы боюнча былтыр жарандык жактар үчүн "залалды жумшартуу боюнча" план кабыл алынган.
Азыркы документте Мамлекеттик департаментке согуштук аракеттердин жүрүшүндө жарандык жактарга залалын тийгизген өлкөлөргө курал берүүнү бөгөттөөгө жол берет. Эми гана Сара Ягер Израиль ошол документтер пайдаланыла турган учур экенин белгилейт. Ал эми Украинага келгенде ал мыйзам, эреже жана конвенциялардын баары бузула берет. Же АКШ эми эрежелерге ылайык согушуп, ал эми кол балдары чектен чыкса боло береби? Айтор, түмөн суроолор...
Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Израилдин премьери Нетаньяху Газада согуштун экинчи этабы башталганын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0