Кыргызстан жана ШКУнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны 25-26-октябрда өтөт. ШКУга тогуз мамлекет кирет, дагы үч өлкө байкоочу макамына ээ, 14 мамлекет өнөктөш болуп саналат.

Мишустин Россия кайсы маселеге өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРоссиянын желеги. Архив
Россиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Ал ШКУда автоунаа жолдорун өнүктүрүү боюнча меморандумду даярдоону улантуу зарыл экенин белгилеген.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Транспорт тармагында байланыштарды кеңейтүү негизги багыттардын бири. Россия дал ушул маселеге басым жасап жатат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында айтты.
"Транспорт тармагында байланыштарды кеңейтүү негизги багыттардын бири. Россия дал ушул темага өзгөчө жана олуттуу көңүл бурууда. Биз өлкө ичинде жол түйүнүн модернизациялоо боюнча системалуу иш алып баруудабыз", — деген Мишустин.
Анын айтымында, Россия жүктөрдү жеткирүүдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ача турчу бир нече стратегиялык долбоорлорду баштады. Тагыраагы, "Түндүк — Түштүк" жана "Батыш — Чыгыш" транспорттук-логистикалык маршруттары ырааттуу түзүлүп, Түндүк деңиз жолунун кубаттуулугу өсүүдө.
Россия өкмөтүнүн төрагасы натыйжалуу транспорт коридорлорун түзүү жана өз ара байланышты өнүктүрүү боюнча былтыр ШКУда концепция бекитилгенин белгиледи. Ошондой эле ШКУда автоунаа жолдорун өнүктүрүү боюнча меморандумду даярдоону улантуу зарыл экенин да кошумчалаган.
"Транспорт тармагында биргелешкен аракет товар айлантууну өстүрүп, жаңы рынокту өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан калкыбыз пайда гана көрмөк", — деген ал.
Эскерте кетсек, учурда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйыны өтүүдө. ШКУга тогуз мамлекет кирет. Андан сырткары үч өлкө байкоочу статусуна ээ. Ал эми 14ү диалог боюнча өнөктөш.
Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин ШКУнун жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Мишустин ШКУнун алкагында бирдиктүү төлөм механизмин түзүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0