ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммиттери. Кыргызстанда өткөн жыйындар сүрөттө
ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммиттери. Кыргызстанда өткөн жыйындар сүрөттө
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ордо калаасы Бишкекте 26-октябрь күнү үч эл аралык ири иш-чара болду. ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлери чогулуп... 26.10.2023, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ордо калаасы Бишкекте 26-октябрь күнү үч эл аралык ири иш-чара болду. ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлери чогулуп, кызматташуу, коопсуздук, энергетика, суу ресурстары сыяктуу орчундуу маселелерди талкуулап, келечекке пландарын ортого салышты.Sputnik Кыргызстан агенттиги саммиттен сүрөт түрмөк жасады.Тема боюнча:
Кыргызстандын ордо калаасы Бишкекте 26-октябрь күнү үч эл аралык ири иш-чара болду. ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлери чогулуп, кызматташуу, коопсуздук, энергетика, суу ресурстары сыяктуу орчундуу маселелерди талкуулап, келечекке пландарын ортого салышты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги саммиттен сүрөт түрмөк жасады.
Алгач Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери чогулду. “Ала-Арча” резиденциясынан меймандарды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Сүрөттө Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүрөткө түшүү аземинде
ШКУ өкмөт башчылары менен президент Садыр Жапаров да жолукту. Өлкө башчы дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ШКУ өлкөлөрү коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл экенин белгиледи
Саммитке келе жаткан катышуучулар. Солдон тарта: КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев, РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана ЕЭК комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович
Акылбек Жапаров КМШ премьерлеринин жыйынында сөз сүйлөөдө. Министрлер кабинетинин төрагасы логистика, соода хабдары, суу ресурстары боюнча маселе көтөрдү