27-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЖамгырда кол чатыр кармаган адам
Жамгырда кол чатыр кармаган адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
27-октябрга караган түнү Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жумада күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл өрөөнүндө +10...+15, Талас жергесинде +9...+14, Ош, Жалал-Абад облустарында +15...+20, Баткен жергесинде +14...+19, Нарында +11...+16 градус жылуу болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +13...+15, Ошто +18...+20 градуска жетет.
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Жаан-чачындуу болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0