Сириянын легерлериндеги кыргызстандык 21 аял жана 63 бала кайтарылды

© Фото / пресс-служба МИД КРСириядан Кыргызстандык жарандарды репатриациялоо. Архивдик сүрөт
Сириядан Кыргызстандык жарандарды репатриациялоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Жазылуу
Миссиянын алкагында КР делегациясы Сириянын түндүк-чыгыш аймагынын жашоочуларына дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткирген.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн, 22-октябрда, Сириядан кыргызстандык 21 аял, 63 бала кайтарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекендештер Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерлерде баш калкалаган КР жарандарынын репатриациясы боюнча "Айкөл-3" деп аталган атайын операциянын натыйжасында кайтып келишкен.
Кыргызстандын министрлер кабинети репатриациялык иш-чараны жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн бардык тараптарга, анын ичинен АКШ өкмөтүнө, БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Кызыл чырым эл аралык комитетине ыраазычылык билдирди.
Аталган миссиянын алкагында КР делегациясы Сириянын түндүк-чыгыш аймагынын жашоочуларына дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткиргени айтылды.
Эскерте кетсек, август айында да Сириядан 100гө чукул кыргызстандык алып келинген.
Газа секторунан палестин согушкерлеринин чабуулунан кийин адам Тель-Авивде бузулган дүкөндүн алдында турат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Израилдеги үч кыргызстандык чыгарып кетүүнү өтүнүп ТИМге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0