23-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКөлчүктөгү күзгү жалбырактары
Көлчүктөгү күзгү жалбырактары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Жазылуу
23-октябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Калган региондордо жаан-чачын болбойт.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл аймагында +13...+18, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +13...+15, Ош калаасында +18...+20 градус болот.
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Жаан-чачындуу болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0